Akchabarsearch
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 46,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Жарыяланган

2025-29-12, 16:17

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 46,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматында быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түзгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, иш жүзүндө салыктык түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6%га аткарылды. Натыйжада план 46,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 87,5 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 28,9% түздү. 

«Жалпы салыктар боюнча план 268 млрд сом болчу. Азыр дагы 2–3 күн бар, биздин божомол боюнча биз бул көрсөткүчтү 307–308 млрд сом деңгээлинде аткарып бүтүрөбүз. Бул пландан болжол менен 40 млрд сомго көп дегенди билдирет. Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 79 млрд сомго ашыгы менен аткарылды», – деди ал.


Тектеш материалды окуу