
Жарыяланган
2026-22-05, 12:17Эл аралык тажрыйбада, самокаттар менен жүрүү–бул жол тыгынынын азайтуунун бири болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ачык кабинеттин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында , эгер жумушка өзүнүн автоунаасы менен эмес, самокат менен барса, жолду тыгын кылбай келип-кетет.
Бирок ошол эле учурда, самокаттарды колдонууда так эрежелер жана тартип болушу керектиги белгиленди.
“Өз билемдик менен самокатты каалагандай тебүү туура эмес” –деди Жунушалиев.
Анын айтымында, самокаттар жана велосипеддер боюнча түшүндүрүү иштери жетишсиз жүргүзүлүүдө. Айрым учурларда самокат менен эки адам болуп жүргөн учурлар кездешсе, велосипедчилер кесилиштерде түшүп өтүү эрежесин сакташпайт.
Мэр эгер Бишкекте самокаттар маселеси чечилбесе, мэрия тартипти жана шаар тургундарынын ден соолугун коргоо үчүн аларга тыюу салынарын белгиледи.

