Akchabarsearch
    Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар азайды
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-28-01, 16:40

    Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар азайды

    Кыргызстанда сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыккандар азайды.

    Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 20-26-январга чейин республикада 11 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 2,6%га аз.

    Дарыгерлер алдын алуу иш-чараларын улантып, балдардын мектепке баруусун көзөмөлгө алууда.

    Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардан сактануу үчүн колду жакшылап жууп, ооруган адамдар менен байланышуудан алыс болуу, беткаптарды колдонуу жана коомдук жайларда аралыкты сактоо сунушталат. 


    Тектеш материалды окуу