Akchabarsearch
Сасык тумоого байланыштуу карантиндик чараларды киргизүү сунушталды

Жарыяланган

2025-03-12, 12:19

Сасык тумоого байланыштуу карантиндик чараларды киргизүү сунушталды

Сасык тумоого байланыштуу карантиндик чараларды киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйыны өттү. 

Жыйында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын, мониторингди мындан ары күчөтүү, калкка маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. 

Ыкчам штаб сасык тумоону алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүү тапшырылды. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. 


Тектеш материалды окуу