Akchabarsearch
Сейшел аралдары "Учкун" ишканасы менен кызматташууга кызыкдар

Жарыяланган

2026-05-05, 15:19

Сейшел аралдары "Учкун" ишканасы менен кызматташууга кызыкдар

Бүгүн, 5-майда, Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Жолугушууда  саясий байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Президент Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен байланыштарды күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, алыстыкка карабастан кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Тараптар инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар тармагында биргелешип иш алып барууну да карашты. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү, санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашууга жана “Тамчы” инвестициялык аймагы менен “Учкун” ишканасы аркылуу кызматташууну күчөтүүгө кызыкдарлык белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын президенти Патрик Эрминди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

 


Тектеш материалды окуу

  • Сейшел аралдары "Учкун" ишканасы менен кызматташууга кызыкдар

    Бүгүн, 5-майда, Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Жолугушууда саясий байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
    2026-05-05 09:19:38