Akchabarsearch
    Шарты катаал Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-10, 13:55

    Шарты катаал Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду

    “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

    Ал эске салгандай, мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.

    "Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Садыр Жапаров администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Элнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып, маалымат берди", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

    Шарты катаал Зардалы айылы Баткендеги алыскы айыл.  Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу 100дөй гана адам жашайт. Облус борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалыда кышында отуздай үй-бүлө калат. Машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. 


    Тектеш материалды окуу