Жарыяланган
2024-08-11, 10:16Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Кимдин мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын алганын 8-сентябрда Телеграм-каналында билдирди.
Бакальчук Кыргызстанга ири логистикалык борбор салуу планы бар экенин кошумчалады.
"Кыргызстан биз ири логистикалык борбор курууну пландаштырган мамлекеттердин бири. Эми мен компанияга кайтып келээрим менен муну мүмкүн болушунча эффективдүү аткара аларыма ишенем", — деп жазган ал.
Ошол эле учурда орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, паспорт кыймылсыз мүлк же баалуу кагаздарды кеминде 10 миллион рублга сатып алууну караган инвестициялык программанын алкагында берилген.