
Жарыяланган
2026-20-04, 18:04Нарын шаарында социалдык келишим долбоорунун алкагында 16 аз камсыз үй-бүлө менен келишим түзүлүп, ар бирине 150 миң сомдон каражат берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Катышуучулар ишкерликтин негиздери боюнча окуудан өтүштү.
Алар бул каражатка соода-сатык кылуу, такси кызматы, мал багуу, сулуулук салонун ачуу жана курулуш шаймандарын ижарага берүү сыяктуу ишкердикти баштайт.
Бүгүн аларга сертификаттар тапшырылып, ишин улантууда колдоо көрсөтүлөрү айтылды.
