
Жарыяланган
2026-27-04, 14:39Быйыл 1-апрелден тарта Кыргызстанда социалдык коргоо тармагында иштеген 3 миң 400дөн ашык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Айлык акыны көбөйтүү министрликке караштуу бир катар мекемелерди камтыды. Алардын катарында медициналык-социалдык экспертиза борборлору, реабилитациялык мекемелер, “Балдар үчүн ишеним телефону”, социалдык стационардык мекемелер жана башка түзүмдөр бар.
Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн “президенттик компенсациялык төлөм” киргизилди:
• негизги, административдик жана жардамчы кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом;
• техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом төлөнөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, айлык акыны жогорулатуу кийинки этапта аймактык бөлүмдөргө да жайылтылат. 2026-жылдын 1-сентябрына чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүү пландалууда.
