Жарыяланган
2024-28-10, 11:25Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми турак жай ээлери Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат:
– кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”;
– баасы: 200 сом;
– жарактуу мөөнөтү - 1 ай.
Маалыматты кантип алса болот:
Tunduk тиркемесин жүктөңүз;
Жекелештирүүдөн (авторизациялоо) өтүңүз;
“Маалымкаттар” кызматын тандаңыз;
MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүңүз.
Белгиленгендей, кызмат бир нече баскылоодон кийин эле өзүңүздүн телефонуңузда жеткиликтүү болот.