Akchabarsearch
Акталгандан бир жумадан кийин эле Урматбек Самаев кызматка дайындалды

Жарыяланган

2025-20-01, 12:34

Акталгандан бир жумадан кийин эле Урматбек Самаев кызматка дайындалды

Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

38 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2021-жылы августта Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.

Ал буга чейин ар кандай беренелер айыпталган. Ал эми 13-январда Жогорку сот Урматбек Самаевди актаган өкүм чыгарган.


Тектеш материалды окуу