Жарыяланган
2024-09-10, 12:38Кыргызстанда курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү норма иштелип жатат.
"Компаниялар курулуш планын көрсөтөт, анда канча адам жашайт, ошого жараша социалдык социалдык объектилерди, бала бакча, мектептерди курууга милдеттендирүү пландалууда", - деди Бакыт Төрөбаев.