Akchabarsearch
Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун боюна 20 млн сомго тосмо орнотулат

Жарыяланган

2026-31-03, 14:33

Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун боюна 20 млн сомго тосмо орнотулат

Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөтү Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун боюна тосмо орнотуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Долбоорго 20 млн сом бөлүү пландалууда. Тендерге катышууну каалагандар 14-апрелге чейин арыз тапшыра алышат.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү компания тосмолорду келишим түзүлгөндөн кийин 45 күндүн ичинде орнотуп бүтүрүүгө тийиш.

Катышуучуларга бир катар талаптар коюлган. Алар тиешелүү лицензияга ээ болуп, жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүгүн тастыкташы керек. Мындан тышкары, 2025-жылы башкы подрядчы катары жалпы суммасы 8 млн сомдон кем эмес эки долбоорду ишке ашырган болушу зарыл.

Ошондой эле компаниянын салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы болбошу талап кылынат. 

Компания аткарылган иштерге 1 жыл кепилдик бериши шарт.

 


Тектеш материалды окуу