Akchabarsearch
Сузак районунунун Орто-Сай айылына 15 млн сомго спорт зал куруу үчүн тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-10-03, 14:26

Сузак районунунун Орто-Сай айылына 15 млн сомго спорт зал куруу үчүн тендер жарыяланды

Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү Орто-Сай айылына спорт зал куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, спорт залдын курулушуна 15 млн 152 миң сом каралган. Тендерге катышууну каалагандар 23-мартка чейин арыздарын тапшыра алышат.

Тендердин шарты боюнча, келишим түзүлгөндөн кийин компания 60 күндүн ичинде курулуш иштерин бүтүрүүгө тийиш.

Катышуучу компаниялардын курулуш иштерин аткаруу тажрыйбасы, керектүү техникасы, адистери болушу керек. Ошондой эле салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экенин тастыктаган документтерди тапшыруусу талап кылынат.

Мындан тышкары компания курулуш ишине 10 жыл кепилдик берүүгө тийиш. Ал эми имараттагы инженердик системалар жана жабдуулар үчүн 2 жыл кепилдик мөөнөтү каралган.

 


Тектеш материалды окуу