Akchabarsearch
Свердлов районундагы көчөлөрдү оңдоого 63.6 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-24-09, 09:21

Свердлов районундагы көчөлөрдү оңдоого 63.6 млн сомдук тендер жарыяланды

Бишкектин Свердлов районунда 14 көчөнү оңдоого 63 млн 676 миң 969 сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн. 

Оңдоо Мамбетова, Эне-Сай-7 жана Эне-Сай-9, Жийделүү, Токольдош, Кишиневская, Саратовская, Пионерская, Черкесский, Кузнечный, Печорский, Фрунзе, Арычная жана Серова көчөлөрүндө жүргүзүлөт. 

Эң көп каражат Арычная көчөсүн оңдоого — 15.3 млн сом, Кишиневская көчөсүнө — 8.5 млн сом, Мамбетова көчөсүнө — 5.2 млн сом каралган. 

Тендерге катышуу үчүн сунуштарды 7-октябрга чейин тапшыруу керек. Жеңүүчү компания жол куруу боюнча тиешелүү лицензияга, техникага жана адистерге ээ болушу зарыл. 

Жолдордун кепилдик мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген. 
 


Тектеш материалды окуу