
Жарыяланган
2025-05-11, 13:23Талас облусунда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча үч кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылы «Мен чемпионмун» спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17.5 млн сом бөлүнгөн. Бирок анын 12 млн сому мелдештерге эмес, облустук спорт башкармалыгы үчүн административдик имарат сатып алууга жумшалган.
Турак үйдүн баасы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен жасалма түрдө 12.3 млн сомго чейин жогорулатылган. Көз карандысыз баалоого ылайык, чыныгы баасы 7 млн сомду түзүп, мамлекетке 4 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., спорт агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун мурдагы вице-губернатору Б.Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда УКМК башка кызматкерлердин да мыйзамсыз бюджеттик чыгымдарга катышы бар-жогун аныктоону улантууда.
