Akchabarsearch
«Тамчы» инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы кирешесинин 0.03%ын бюджетке которот

Жарыяланган

2026-23-10, 11:19

«Тамчы» инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы кирешесинин 0.03%ын бюджетке которот

Министрлер кабинети «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы республикалык бюджетке которо турган каражаттын өлчөмүн 0.03% деп белгиледи. Бул чен аймак сыноо режиминде иштеп жаткан мезгилде жана толук кандуу ишке киргенге чейин колдонулат.

Тиешелүү №713 токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 21-октябрында кол койду.

Документ «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын өзгөчө укуктук режими жана макамы жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, башкаруучу компанияга бюджетке которула турган каражатты эсептөө жана төлөө тартибин иштеп чыгууда белгиленген 0.03%дык ченди эске алуу сунушталды.

Токтомдун аткарылышын президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу