Akchabarsearch
Ташиев: “Майнинг ферманы иштеткенге аракет кылгандар жазага тартылат”

Жарыяланган

2025-13-11, 12:23

Ташиев: “Майнинг ферманы иштеткенге аракет кылгандар жазага тартылат”

Кыргызстанда бардык майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташииев “Регион” телеканалында жасаган кайрылуусунда айтты.

“Эгерде кимдир бирөө майнинг фермасын иштеткенге аракет кыла турган болсо катуу жазага тартыласыңар. Саат 18:00дөн кийин мекемелердин жарыгы толугу менен өчүрүлүшү керек. Кээ бир министрликке кирсең түнү менен кондиционерлери иштеп турат. Андай болбойт. Муну энергетиктер катуу көзөмөлгө алгыла. Биздин мамлекетизде “веердик” өчүрүү болбойт. Эч бир жерде, атайын эч ким жарыкты өчүрбөйт. Жарык Кудайга шүгүр жетет. Ошондой болсо да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланалы деп баарыбыз кайрылып атабыз. Урматтуу президентибиз, министрлер айтып жатат. Туура, суу аз элекр жарыгын өндүрүрүү азайды. Ошого карабастан быйыл кыштан чыгып кетебиз”, - деди УКМКнын төрагасы.


Тектеш материалды окуу