Akchabarsearch
Ташиев: “Мени ушул жумуштан алыңыз десем, президент макул болбой койгон”

Жарыяланган

2025-12-11, 14:25

Ташиев: “Мени ушул жумуштан алыңыз десем, президент макул болбой койгон”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилиши тууралуу сөз кылды.

Ал башында чек ара маселесин чечүү боюнча маалыматы болбогонун айтты.

“Башында чек ара маселесин кантип чечишибиз керектиги тууралуу көп деле маалыматым жок эле. Президентке: «Мен бул ишти кылбай эле коёюнчу, муну башка бир адамга берчи» деп айткам. Ал болсо: «Жок, сен бүтүрө албасаң, эч ким бүтүрө албайт» деп, мени зордоп жүрүп ушул кызматка койгон. Иштин жарымына келгенде кайра президентке бардым. «Урматтуу президент, мени ушул жумуштан алыңыз. Чек ара  маселелери боюнча комиссиянын төрагасы боло албайм» деп айттым. Анда президент «жок, сен аягына чыгарышың керек» деди. Акыры ушунун аягына чыгардык. Азыр болсо чек ара боюнча менден өткөн адис жок болуп калды — баарын көрүп, билип калдым”, — деди Ташиев.


Тектеш материалды окуу