Akchabarsearch
Telegram аркылуу кооптуу косметологиялык каражаттар сатылган
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-01-09, 12:01

Telegram аркылуу кооптуу косметологиялык каражаттар сатылган

Кооптуу косметологиялык каражаттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду. Операциядан жабыркаган бейтаптардын арызданууларынан кийин милиция бир нече адамды жана клиниканын дарыгерин камакка алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Telegram мессенджериндеги жабык каналдар аркылуу инъекцияга арналган жана башка кооптуу каражаттар мыйзамсыз сатылып келген. Бул продукциялар өлкөгө контрабандалык жол менен, салык төлөбөстөн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүнөн тышкары киргизилген.

20-августта милиция кызматкерлери 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүп, көп өлчөмдө сертификатсыз косметологиялык каражаттар табылып, алынган. Ошондой эле тиешелүү лицензиясы жок, көмүскө иш жүргүзүп келген кабинеттер жабылган. Бул факт боюнча алты аял кармалды.

29-августта Бишкектеги пластикалык хирургия боюнча бир клиникада да тинтүү өткөрүлүп, ири көлөмдөгү кооптуу препараттар табылып, алынган. Бул клиниканын дарыгерине операциядан кийин зыян тарткан бейтаптардан көптөгөн даттануулар түшкөн. Ал дагы кармалды.

Бардык шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, сот алардын ар бирине камак түрүндөгү бөгөт чарасын киргизди. 

Бул иш-чаралар жарандардын саламаттыгын коргоого жана мыйзамсыз продукцияларды рыноктон тазалоого багытталган.

 


Тектеш материалды окуу

  • Telegram аркылуу кооптуу косметологиялык каражаттар сатылган

    Кооптуу косметологиялык каражаттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду. Операциядан жабыркаган жарандардын арызданууларынан кийин милиция бир нече адамды жана клиниканын дарыгерин камакка алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
    2025-01-09 06:01:34