Akchabarsearch
ТИМ Америкага виза алуу үчүн төлөнө турган күрөө боюнча маалымат берди

Жарыяланган

2026-08-01, 14:34

ТИМ Америкага виза алуу үчүн төлөнө турган күрөө боюнча маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүү үчүн B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар визасы) визаларга арыз берүүдөгү кошумча талап тууралуу комментарий берди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз жарандарын каржылык күрөөнүн төлөнүшү АКШга виза берилерине кепил болбойт.

Ошону менен катар эле министрлик АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калгандардын күрөөсү кайтарылбай турганын эскертти.

АКШга кирүү үчүн күрөө төлөй турган өлкөлөрдүн саны 38ге жетти. Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.


Тектеш материалды окуу