Akchabarsearch
    ТИМ Венгрияда иштейм деген чет элдиктерге виза берүү эрежеси өзгөргөнүн билдирди

    Жарыяланган

    2025-18-04, 10:57

    ТИМ Венгрияда иштейм деген чет элдиктерге виза берүү эрежеси өзгөргөнүн билдирди

    Тышкы иштер министрлиги Венгрияда чет өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн иштөөгө уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча жаңы эрежелери тууралуу түшүндүрмө берди.

    Маалыматка ылайык, Венгрия быйыл 1-январдан тарта жумушка орношом деген бардык чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө виза берүү эрежелерин өзгөрттү. Эми мындай визалар Венгрия же Европа биримдиги менен реадмиссия жөнүндө келишими жок өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт. Реадмиссия - миграция эрежелерин бузган мигранттарды кайра өз өлкөсүнө кайтаруу тууралуу келишим. 

    Мындай чечим миграциялык көзөмөлдү натыйжалуу кылуу жана миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөрдү өз мекенине кайтарылышы үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

    Министрлик учурда өлкөнүн тиешелүү органдары Европа биримдигинин өлкөлөрү, анын ичинде Венгрия менен реадмиссия жөнүндө келишим түзүү маселесинин үстүндө иштеп жатканын белгилейт.

    "Мындай келишимдер өлкөлөр ортосундагы миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт жана чет өлкөлөрдө узак мөөнөткө расмий ишке орношууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу