Akchabarsearch
Тогуз миңден ашык муктаж жаранга социалдык кызматкерлер үйүнө барып жардам берет

Жарыяланган

2026-18-02, 15:41

Тогуз миңден ашык муктаж жаранга социалдык кызматкерлер үйүнө барып жардам берет

Быйылкы жылдын 1-январына карата Эмгек министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 854 социалдык кызматкер жардамга муктаж 9 миң 452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт.

Бул жарандардын арасында жалгыз бой улгайган 3 миң 819 адам, майыптыгы бар 2 миң 313 адам, 350 жубай жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 2 миң 971 үй-бүлө бар.

Социалдык кызматкерлер аларга күнүмдүк тиричилик иштерин жасоого көмөктөшүп, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүшөт.

Ар бир кызматкер жетекчи бекиткен жеке графикке ылайык карамагындагы жаранга жумасына кеминде эки жолу барып тейлейт. 

Үйүндө социалдык жардам алуу үчүн муктаж жаран тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошуналары же жакындары жазуу жүзүндө кайрылуусу керек.
 


Тектеш материалды окуу