
Жарыяланган
2025-15-09, 16:18Токмок шаарында Ислам Академиясы ачылды. Ага КРнын Президенти Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи.
Ислам Академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме.
