Akchabarsearch
Токмокто РКӨФтүн долбоорунун алкагында экинчи кинотеатр ачылды

Жарыяланган

2026-13-01, 14:01

Токмокто РКӨФтүн долбоорунун алкагында экинчи кинотеатр ачылды

Токмок шаарындагы 1973-жылдары курулуп, көп жылдар бою иштебей турган кинотеатр реконструкциядан өтүп, кайрадан ачылды. Бул тууралуу Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) билдирди.

Долбоорду «Атлант Синема» ЖЧКсы РКӨФ тарабынан каржылык колдоонун негизинде ишке ашырды. Фонд жалпы 1 млн 550 миң долларын бөлүп, бул каражат Баткен, Чолпон-Ата, Кербен, Араван, Беловодское жана Токмок шаарларындагы алты кинотеатрды жаңылоого багытталды.

Токмоктогу 400 орундуу кинотеатрга заманбап санариптик жабдуулар жана ыңгайлуу отургучтар орнотулду. 

Бул долбоор жалпы тармак боюнча 200дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзөт жана аймактардагы жашоочуларга заманбап кинону, анын ичинде ата мекендик тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 


Тектеш материалды окуу