Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-06-09, 14:22

Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты оңдоо 80%га аяктады

Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган агрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон өткөрүлдү. №1 гидроагрегат ишке кирсе ГЭСтин кубаттуулугуна дагы 60 мВт кошула турганы кабарланган.

Эске салсак, Токтогул гидроэлектрстанциясынын №1 гидроагрегатын реконструкциялоо мартта башталган. ГЭСте жалпысынан төрт агрегат бар.


Тектеш материалды окуу