akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-25-01, 16:05

    Токтогул шаарында сүттү кайра иштетүү заводу ачылды

    Бүгүн Токтогул шаарында “Ля Вуа Лакте" сүттү кайра иштетүү зоводу ачылды. Бул туралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти. 

    Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Н.Кожобергенов, USAID "Агросоода" долбоорунун жетекчиси Ая Касси жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

    “Сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө сүт заводдо каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын камсыздайт”,-деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу