Akchabarsearch
Тонировкага уруксат берүүдөн бюджетка канча акча түштү?

Жарыяланган

2025-16-06, 09:00

Тонировкага уруксат берүүдөн бюджетка канча акча түштү?

Быйыл 5 айда Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 7.1 миңден ашык уруксат берилди. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров билдирди. 

Анын ичинен жарандарга 7002, юридикалык жактарга 119 уруксат берилген. Учурда жарандар тонировкага уруксатты 1 жылга 50 миң сомго, юридикалык жактар 70 миң сомго сатып алат. 

"Бюджетке жалпы 348 млн сомдон ашык каражат түштү", - дейт ал.

Насиров унаанын айнегин караңгылатууга уруксат алууну каалагандар үчүн 2 айлык акция уюштурулуп, 100 миң сомго 3 жылга уруксат алууга мүмкүн экенин белгиледи. Акция 1-августка чейин уланат. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда унаанын маңдайкы айнегин караңгылатууга болбойт. Уруксат унаанын алдыңкы каптал айнектерине гана берилет. 


Тектеш материалды окуу