Akchabarsearch
Көмүр сатуучуларга 39,5 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2024-15-11, 14:28

Көмүр сатуучуларга 39,5 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда көчө соодасын тартипке келтирүү чараларынын алкагында көмүр сатуу түйүндөрүнө рейд жүргүзүлдү. 

Рейд Курманалиев көчөсүнөн баштап "Дордой-2" турак-жай массивине чейин өткөрүлдү. 

Бул иш-чаранын жыйынтыгында, муниципалдык инспекция 30 миң 500 сомго 4 протокол түзүп, 9  сомго 3 протокол боюнча айып пул салды, жалпы суммасы 39,5 миң сомду түздү. 

Бул багыттагы иштер улантылып жатат.


Тектеш материалды окуу