
Жарыяланган
2026-28-01, 14:50Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктарынын бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Жолугушууда бул салыктын ставкасын 0,2 ден 0,1%га чейин төмөндөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле транзакцияга салыктык башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана өз ара аракеттенүү кызматтарын киргизүү боюнча биргелешкен иш алып баруу маселелери талкууланды.
Эске салсак, салык мыйзамдарына ылайык, эсеп ачылган банк транзакцияны жүргүзүүдө салык агенти катары бул салыкты кармап калат жана бюджетке төлөйт.
Транзакцияларды жүзөгө ашырган субъекттер «Транзакцияга салык» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу. Бул режимди колдонуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат.
Транзакциялар боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр атайын салык режимин колдонуу тууралуу арызды 1-февралга чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.
