Akchabarsearch
    Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө бекет күнү-түнү иштей баштады

    Жарыяланган

    2025-19-06, 09:26

    Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө бекет күнү-түнү иштей баштады

    Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кадамжай-унаа жолу", "Чечме- унаа жолу " жана "Ак-Кыя- унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө бекеттери күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

    Бул үч өткөрмө бекет 1-октябрга чейин күнү-түнү иштейт.

    Бул чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кабыл алынган. Анын максаты чек арадан өтүп жаткан жарандарга, айрыкча туристтик сезондо, ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.  

    "Эми Өзбекстандын жарандары каалаган убакта кооз жаратылышы менен белгилүү Шахимардан анклавына, Курбан-Көл көлүнө, Дугоба жана Гаувян капчыгайларына бара алышат", - деп айтылат маалыматта. 

    Аталган көзөмөл бекеттерден Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана өтө алышат. 


    Тектеш материалды окуу