Akchabarsearch
Жума ичинде Улуттук банктын алтын куймалары дээрлик 9 миң сомго кымбаттады
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-24-05, 11:20

Жума ичинде Улуттук банктын алтын куймалары дээрлик 9 миң сомго кымбаттады

19-майдан 23-майга чейин Улуттук банктын алтын куймаларынын бир унциясынын (31.1035 грамм) кайра сатып алуу баасы өскөнү байкалды.

Жума ичинде Улуттук банк элден алтынды сатып алган жаткан баасы 8 миң 836.5 сомго — 280 миң 903 сомдон 289 миң 739.5 сомго чейин же 3.1%га өстү.

Биринчи күнү, 19-майда алтындын кайра сатып алуу баасы 280 миң 903 сом болгон. Эртеси күнү ал 285 миң 30.5 сомго жеткен. Ал эми 21-майда 287 миң 776.5 сомго чейин көтөрүлгөн. 22-майда 291 миң 108.5 сомго чейин жеткен. Бирок 23-майда кайра 289 миң 739.5 сомго дейре түшкөн.  


Тектеш материалды окуу