Жарыяланган
2024-24-10, 17:01Түштүк Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.
Жалпысынан бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрдү алуу үчүн кайрылгандардын саны 98 адамды түзөт, алардан 83 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 15 адам чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3 миң 483 долларды түздү.