Akchabarsearch
Убактылуу айдоочулук күбөлүктү кантип алса болот?

Жарыяланган

2026-26-05, 11:29

Убактылуу айдоочулук күбөлүктү кантип алса болот?

Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүктү 10 ай күтпөстөн эле 4 айда алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок бул үчүн курсант теория жана практикалык экзамендерден биринчи жолкусунан эле өтүшү керек болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Жаңы тартип 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик авто мектептерде 7.5 миңге жакын курсант онлайн жана оффлайн форматта билим алып жатат. Алардын көбү “10 ай өтө узак, жол эрежелерин билебиз, экзаменди эртерээк тапшырууга мүмкүнчүлүк бергиле” деп кайрылышкан.

Буга байланыштуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тиешелүү мекемелерге маселени карап чыгууну тапшырган. Натыйжада долбоор даярдалып, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-майда тиешелүү токтомго кол койгон.

Жаңы тартипке ылайык, курсант 4 ай ичинде материалдарды өз алдынча окуп чыгып, өзүн даяр сезсе экзамен тапшырууга арыз бере алат. Бирок ага бир гана мүмкүнчүлүк берилет. Алгач авто мектептин ички теориялык жана практикалык экзамендеринен биринчи жолкусунан өтүшү керек. Ошондон кийин гана "Унаа" мамлекеттик мекемесиндеги экзаменге кирүүгө уруксат берилет. Эгер курсант мамлекеттик борбордогу теория жана практика сынактарынан дагы биринчи жолкусунда ийгиликтүү өтсө, ага 6 айлык убактылуу электрондук айдоочулук күбөлүк берилет.

Жакишев белгилегендей, эгер айдоочу ушул убакыт аралыгында жол эрежесин бузбаса анда ага туруктуу айдоочулук күбөлүк берилет. Ал эми эрежени үч же андан көп бузган учурда убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, курсант окуусун кайра улантат.

Мындан тышкары, теориялык экзаменден өткөндөр практикалык сынакты 6 айдын ичинде тапшырышы керек. Эгер бул мөөнөттө практикадан өтпөй калса же такыр тапшырбаса, теориялык экзаменди кайрадан тапшырууга туура келет.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз жол менен алуу учурларын токтотуу үчүн экзамендерге жасалма интеллект дагы киргизилген. Ал шпаргалка колдонууга же башка адамдан жардам алууга жол бербейт. Система шектүү кыймылдарды байкаса дароо эскертүү берип турат.


 


Тектеш материалды окуу

  • Убактылуу айдоочулук күбөлүктү кантип алса болот?

    Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүктү 10 ай күтпөстөн эле 4 айда алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок бул үчүн курсант теория жана практикалык экзамендерден биринчи жолкусунан эле өтүшү керек болот.
    2026-26-05 05:29:17