
Жарыяланган
2026-25-09, 11:03УКМК жалпы салмагы 3.3 кг болгон жана баасы 40 млн 512 миң 458 сомго бааланган алтын куймаларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган эки Кыргызстандын жаранын кармады.
24-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иштеринин жыйынтыгында 1970-жылы туулган У.Х.Д. жана 2000-жылы туулган У.А.Л. аттуу эки жаран кармалган.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири кылмышты уюштурган, экинчиси алтын куймаларды түздөн-түз ташып жүргөн.
Кармалгандар КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинде белгиленген тартипте УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда алтындарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.
