Жарыяланган
2025-05-05, 11:53Бишкекте УКМК кызматкерлеринин атын жамынган шылуундар аял кишини сызга отургузуп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, алданган аял (Ч.С.) шылуундарга 5 млн 292 миң сомун берип койгон. Өздөрүн "УКМКнын кызматкерибиз" деп тааныштырган бейтааныш адамдар ага белгисиз номер менен чалып, алдоо жолу менен үч банкта депозитте турган акчаларын белгисиз банктык эсепке котортуп алышкан. Алданган аял милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштери учурунда милиция банк реквизиттери аркылуу акчаны чыгарып алган 5 адамдын өздүгү аныктап, кармаган (дропперлер – алдамчылар тарабынан уурдалган акчаларды накталай чыгарып алуу үчүн колдонулган адамдар). Алар 21 жаштагы М.Н., Т.Б., М.М., Б.Е. жана 22 жаштагы О.А. болуп чыккан.
Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.