Akchabarsearch
    УКМК Көлбаев менен байланышы болгон деп Бегалиевди жана дагы эки адамды кармады

    Жарыяланган

    2025-19-05, 16:55

    УКМК Көлбаев менен байланышы болгон деп Бегалиевди жана дагы эки адамды кармады

    Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

    Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кармалгандардын арасында Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев, Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы жетекчиси Асеин Төрөгелдиев жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Чыңгыз Таалайбек уулу бар. 

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Бегалиев мурда ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп, маркум кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өкүл атасы болгон. Чыңгыз Таалайбек уулу Чыңгыз Жумагулов жана «Сакал» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосунов менен тыгыз байланышы болгон. Асеин Төрөгелдиев Көлбаевдин жакын адамы болуп, жаш спортчуларды кылмыш чөйрөсүнө тартуу менен алектенген. Көлбаевдин спорт боюнча "куратору" болгон. 

    УКМК билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Чыңгыз Жумагулов Талас Бегалиев менен сүйлөшүп алып, Калашников автоматы менен куралданып, күч колдонуу менен бир жарандан Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы баасы 2 млн доллар болгон 2 гектар жерин тартып алган. Кийин ал жер Бегалиевдин туугандарына каттатылган. 

    Андан тышкары кармалган үч адам (Талас Бегалиев, Чыңгыз Таалайбек уулу жана Асеин Төрөгелдиев) бир жаранды опузалап, жок кылабыз деп коркутуп 300 миң долларын алып, аны Көлбаевге беришкен. Бул факт боюнча УКМКга ишкерлердин бири кайрылган.  

    Ошондой эле Бегалиев ИИМде иштеп турганда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адамдарын калкалап, кызматтык маалыматтарды берип турган. 

    Аталган үч киши 16-майда кармалып, соттун чечими менен 12-июлга чейин №1 Тергөө абагына камакка алынган. 

    Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу