
Жарыяланган
2026-09-03, 16:06Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунда коррупциялык схеманы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынна билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордун мурдагы директору 1972-жылы туулган К.Б. (2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин кызматта болгон) 2020-жылы «М» ЖЧКсынын жеке менчик компаниясынын жетекчиси менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, бюджеттик каражаттарды өзгөчө ири өлчөмдө чыгарып кетүү максатын көздөгөн. Алар РКБга кымбат баалуу медициналык жабдууларды орнотушкан.
Медициналык жабдуулар орнотулгандан кийин мурдагы директор Республикалык кан борборуна ПЦР жана ИХЛА лабораториялары үчүн керектүү реагенттерди жеткирүү боюнча «М» ЖЧКсы менен келишим түзгөн.
Аталган компания 5 жыл бою реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турган. Ал эми «откат» катары алынган каражаттын белгилүү бир бөлүгү директор К.Б.га берилип турган.
Республикалык кан борборунун 2020–2025-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында тергөө тарабынан мурдагы директор К.Б. жана жеткирүүчү «М» ЖЧКнын аракеттеринен мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.
К.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Ал эми «М» ЖЧКсынын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет.
