
Жарыяланган
2026-23-04, 16:08Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маматканов АКШга элчи болуп кеткен Эдил Байсаловдун ордуна келди.
Улан Маматканов буга чейин Эмгек министрлигинде адис, башкы адис, министрдин кеңешчиси болгон, өкмөттүн аппаратында иштеген. Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
