Akchabarsearch
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Жарыяланган

2026-26-05, 12:27

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 25-майындагы чечими менен эсептик ченди 12% деңгээлинде сактап калды. Бул чечим 26-майдан тарта күчүнө кирет.

Банктын маалыматына ылайык, дүйнөлүк экономикада геосаясий чыңалуунун күчөшү, энергия жана азык-түлүк бааларынын өсүшү инфляцияга басым жасап жатат.

Кыргызстан импортко көз каранды болгондуктан, бул өсүш ички бааларга да таасир берүүдө.

2026-жылдын башынан бери өлкөдөгү инфляция 15-майга карата 4,7% түзгөн (жылдык эсепте 10,9%). Баалардын өсүшүнө негизинен азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөр таасир этүүдө. Ошондой эле коммуналдык тарифтердин жогорулашы, салык реформалары жана ички суроо-талаптын өсүшү да кошумча фактор болуп жатат.

Ошол эле учурда экономика өсүшүн улантууда. 2026-жылдын январь–апрель айларында ИДӨ 12.4%га өскөн. Бул өсүшкө кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана курулуш тармактары, ошондой эле инвестициялардын көбөйүшү түрткү болгон.

Улуттук банк акча-кредит саясатын катуу кармап, инфляцияны орто мөөнөттө 5–7% деңгээлине түшүрүүнү максат кылууда. Валюта рыногу жана улуттук валюта туруктуу бойдон калууда, банк системасында ликвиддүүлүк жогору экени да айтылды.

Банк мындан ары да инфляциялык тобокелдиктерди тыкыр көзөмөлдөй турганын жана керектүү учурда чара көрөрүн билдирди.

 


Тектеш материалды окуу