Akchabarsearch
Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды

Жарыяланган

2026-27-10, 13:38

Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк башкармалыгы 26-октябрда эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2026-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, чечим бүгүн, 27-октябрдан тарта тартып күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, октябрда жылдык инфляция 10.8%ды түзүп, сентябрдагы 12.2%дан төмөндөгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДӨ) 10.8%га өскөн.

Эсептик ченди өзгөртпөө чечими инфляциялык тобокелдиктерди эске алуу менен кабыл алынган.

Улуттук банктын эсептик чен боюнча кийинки отуруму 30-ноябрда өтөт.


Тектеш материалды окуу