
Жарыяланган
2026-29-05, 12:27Кыргызстанда экономикада долларга болгон көз карандылык акырындап азайып, банк тармагында сомду колдонуу көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлери жана борбордук банктарынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө сомго болгон ишеним өсүп, банктарда сом менен иштөө көбөйүүдө. Учурда берилген кредиттердин 80%дан ашыгы сом менен, ал эми депозиттердин 70%га жакыны да сом менен сакталууда.
Козубековдун айтымында, бул Улуттук банктын акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун көрсөтүп, валюталык тобокелдиктерди жана тышкы рынокко болгон көз карандылыкты азайтат.
Ошондой эле, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу Улуттук банк 2025-жылдын июлунан тарта эсептик ченди 9%дан 12%га чейин көтөргөн. 2026-жылдын апрелине карата инфляция 10.9%га жеткен.
Ошого карабастан, өлкө экономикасы жогорку темп менен өсүүдө. Акыркы төрт жылда ички дүң продукт (ИДП) 9%дан жогору өсүп келсе, 2026-жылдын алгачкы төрт айында өсүш 12.4%ды түзгөн.



