Akchabarsearch
Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу боюнча  7 күндүк аукцион өткөрөт

Жарыяланган

2026-13-01, 09:59

Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу боюнча 7 күндүк аукцион өткөрөт

Улуттук банк 7 күндүк жүгүртүү мөөнөтү менен кыска мөөнөттүү ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

BD001260121 облигацияларынын чыгарылышынын көлөмү 20 миллиард сомду түзөт. Максималдуу кирешелүүлүк аукцион күнүнө карата күчүндө болгон Улуттук банктын негизги чени боюнча аныкталат.

Эмиссиянын датасы 14.01.2026-жылга, ал эми төлөө мөөнөтү 21.01.2026-жылга белгиленген.


Тектеш материалды окуу