Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын баасы дээрлик 7 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-23-10, 09:23

Улуттук банктын алтынынын баасы дээрлик 7 миң сомго арзандады

Бүгүн, 23-октябрга карата Улуттук банктын алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 356 миң 374 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк элден алтындын унциясын (31.1035 грамм) 363 миң 299.50 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 6 миң 925.5 сомго арзандады.

Бүгүн алтындын унциясы элге 361 миң 719.50 сомдон сатылууда.

 


Тектеш материалды окуу