
Жарыяланган
2026-16-06, 09:32Бүгүн, 16-июнга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 383 миң сом деп белгиленди.
Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 368 миң 199.5 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 14 миң 801 сомго кымбаттады.
Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 399 миң 71.5 сомдон сатууда.



