Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 5.4 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-28-08, 09:11

Улуттук банктын алтынынын унциясы 5.4 миң сомго арзандады

Бүгүн, 28-августка карата Улуттук банктын алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 401 миң 693 сом деп белгиленди.  

Кечээ Улуттук банк элден алтындын унциясын (31.1035 грамм) 407 миң 163 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 5 миң 470 сомго арзандады.  

Бүгүн алтындын унциясы элге 407 миң 718.50 сомдон сатылууда.
 


Тектеш материалды окуу