Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 6 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-20-05, 09:06

Улуттук банктын алтынынын унциясы 6 миң сомго арзандады

Бүгүн, 20-майга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы  395 миң 374.5 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 401 миң 382.5 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 6 миң 8 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куймасынын унциясын 412 миң 709 сомдон сатууда. Белгилей кетсек, банк 2026-жылдын апрель айынын аягынан бери сатуу баасын өзгөртпөй, 423 миң 45 сомдон сатып келген. Бүгүн болсо сатуу баасы да жаңыртылып, 10 миң 336 сомго арзандады.

 


Тектеш материалды окуу