Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 3 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2026-28-10, 09:14

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 3 миң сомго кымбаттады

Бүгүн, 28-октябрга карата Улуттук банктын алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 357 миң 161.50 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк элден алтындын унциясын (31.1035 грамм) 354 миң 230.50 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 2 миң 931 сомго кымбаттады.

Бүгүн алтындын унциясы элге 362 миң 519 сомдон сатылууда.
 


Тектеш материалды окуу