Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 4 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-06-03, 12:30

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 4 миң сомго арзандады

Бүгүн, 6-мартка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 448 миң 454 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 452 миң 379 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 3 миң 925 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 455 миң 180 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу