Akchabarsearch
“Унаа” кепилдиги аркылуу жарандар 176 унаа сатып алды

Жарыяланган

2026-08-04, 17:35

“Унаа” кепилдиги аркылуу жарандар 176 унаа сатып алды

«Кепилдик фонд» ААКсы ата мекендик автоунааларды баштапкы төлөмсүз сатып алууга мүмкүнчүлүк берген «Унаа» кепилдик продуктусун активдүү өнүктүрүүнү улантууда.

Бул продукт 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакытта жарандар арасында жогорку суроо-талапка ээ болду.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 57.1 млн сомго 154 кепилдик берилсе, үстүбүздөгү жылы дагы 7.3 млн сомго 22 кепилдик берилген. Жалпысынан «Унаа» ишке киргенден бери 64.5 млн сомго 176 кепилдик берилди.

Бул механизм жарандарга банктар аркылуу автокредит алып, баштапкы төлөмсүз ата мекендик автоунааларды сатып алууга шарт түзөт. Фонд кредиттин 30%ына чейин кепилдик берип, күрөө жетишсиз болгон учурда кредит алууну жеңилдетет.

 

 


Тектеш материалды окуу